Сенин Карго

Кытайдан заказ берүү: толук нускама

Үч бөлүм: колдонмо, складдын дареги жана трек-номер.

1-бөлүм

Сенин Карго деген эмне

Биз Кытайдан Кыргызстанга посылкаларды жеткиребиз. Колдонмону жүктөп алыңыз — App Store же Google Play.

Катталгандан кийин сизге эки нерсе берилет: жеке кардар номериңиз жана Кытайдагы складыбыздын дареги.

Биринчи жол — колдонмодон сатып алуу

Пиндодо, Пойзон, Таобао, Гуфиштин товарлары колдонмонун ичинде турат. Баасы дароо сомдо, төлөм өз банкыңыздын колдонмосу аркылуу.

Экинчи жол — өзүңүз заказ берүү

Аянтчада өзүңүз заказ бересиз, жеткирүү дареги катары биздин складды көрсөтөсүз. Кийинки бөлүм ушул жөнүндө.

Колдонмодогу товарлар
Колдонмодогу товарлар. Баа дароо сомдо — эсептөөнүн кереги жок.
Ылдыйкы меню ушул жерде
Дарек ушул бөлүмдө: ылдыйкы менюдагы (i) белгисин басыңыз.
Кытайдагы дарек жана көчүрүү баскычы басыңыз
«Ваш адрес в Китае» — ушул сиздин дарегиңиз. «Скопировать адрес» баскычы даректи толугу менен көчүрөт.
2-бөлүм

Пиндододо даректи кантип коюу керек

  1. Сенин Карго колдонмосун ачып, «Скопировать адрес» баскычын басыңыз.
  2. Пиндододо ылдыйкы менюдан 个人中心 (жеке кабинет) бөлүмүнө кирип, жогорудагы 收货地址 дегенди басыңыз.
  3. Ылдыйдагы ак 添加收货地址 баскычын басыңыз. Кызыл «Добавление адреса» эмес — так ак баскычты.
  4. Пиндодо көчүрүлгөн даректи өзү таанып, талааларды өзү толтурат.
  5. Кардар номериңизди кол менен жазыңыз — Пиндодо аны түшүрүп калат. Эки жерге тең: 收货人 сабына жана 详细地址 сабынын аягына.
  6. Кызыл 保存 (сактоо) баскычын басыңыз.
Эң маанилүү жери ушул. Номерсиз посылка бизге ээсиз келет: кимге беришибизди билбей калабыз, ал эми сиз аны күтө бересиз.
Пиндододогу жеке кабинет басыңыз
Жеке кабинетте, атыңыздын астында 收货地址 деген жазуу турат — ошону басыңыз.
Даректердин тизмеси жана эки баскыч бул эмес ушуну басыңыз
Ылдыйда эки баскыч бар. Кызылы керек эмес — ак баскычты, 添加收货地址 дегенди басыңыз.
Пиндодо даректи таанып толтурду, бирок номер жок номер жок бул жерде да жок
Пиндодо өзү толтурду — бирок кардар номери жок. Мындай калтырууга болбойт.
Кардар номери эки жерде тең жазылган номер бар бул жерде да бар
Номер кашаанын ичинде эки жерде тең жазылды — 白龙 (10000). Мына ушундай туура.
Толук туура толтурулган дарек сактоо
Сизде да ушундай болушу керек. Андан кийин кызыл баскычты басып сактаңыз.
3-бөлүм

Трек-номерди колдонмого кошуу

Заказ жөнөгөндөн кийин сатуучу трек-номер берет. Аны колдонмого жазсаңыз, посылкаңыз кайда экенин көрүп турасыз.

Пиндододогу жеткирүү экраны: эки көчүрүү баскычы трек — ушул бул керек эмес
Бул экранда эки 复制 баскычы бар. Жогоркусу — трек-номер, ошону көчүрүңүз. Төмөнкүсү — заказдын номери, ал бизге керек эмес.
Колдонмонун ылдыйкы менюсу посылкалар
Сенин Карго колдонмосун ачып, ылдыйкы менюдан посылка белгисин басыңыз, анан «Треки» бөлүмүн тандаңыз.
Трек кошуу талаасы 1. коюу 2. кошуу
Алгач «Вставить» баскычын басыңыз — номер өзү коюлат. Андан кийин «+» баскычын басыңыз.
Треклердин тизмеси жана статустары
Даяр. Посылкаңыздын статусу ушул тизмеде көрүнөт: «На складе в Китае», «В пути в Кыргызстан», «Готов к выдаче».
Колдонмодогу баскычтардын аттары орусча, Пиндододо — кытайча. Биз аларды атайын которгон жокпуз: экранда так ушундай жазылат, ошондуктан оңой табасыз.