Сенин Карго деген эмне?
Сенин Карго (Senin Cargo) — товарларды Кытайдан Кыргызстанга жеткирүүчү карго кызматы. Кытай маркетплейстеринен — Пиндодо, Пойзон жана башкалардан — сатып алган товарларыңыз Гуанчжоудагы складыбызга келет, биз аларды Кыргызстандагы берүү пунктуна жеткиребиз.
Башкы кеңсе — Ош шаарында, Анар микрорайону, 9А үй. Берүү пункттары Бишкекте, Ошто жана облустарда иштейт.
Кытайдан товарды кантип заказ кылса болот?
Эки жол бар:
- Сенин Карго колдонмосунан: товарлардын баасы дароо сомдо, төлөм колдонмодо, ал эми сатуучудан сатып алууну өзүбүз жасайбыз.
- Аянтчада өзүңүз: заказ бергенде Кытайдагы складыбыздын дарегин жана кардар номериңизди көрсөтүңүз. Посылка складыбызга келип, андан ары сиз тандаган берүү пунктуна жөнөйт.
Кытайдагы складдын дарегин жана кардар номерин кантип алам?
Сенин Карго колдонмосун жүктөп алып, телефон номериңиз менен катталыңыз — номер бир жолку код менен тастыкталат. Катталууда жакын берүү пунктун тандаңыз. Андан кийин колдонмодо жеке кардар номериңиз жана Кытайдагы складыбыздын дареги пайда болот.
Посылка Кытайдан Кыргызстанга канча күндө келет?
Жеткирүү 10–21 күнгө созулат. Ар бир посылканын статусу колдонмодо көрүнөт, ал эми посылка берүү пунктуна келгенде билдирүү келет.
Жеткирүү канча турат?
Нарк посылканын чыныгы салмагы боюнча эсептелет: салмак канча көп болсо, килограмм ошончо арзан — 10 кгга чейин, 10 кгдан жана 50 кгдан баштап өзүнчө тарифтер бар. Минималдуу салмак — 0,1 кг. Габариттен чоң жүктөрдүн баасы көлөмдүк салмак боюнча эсептелет же алдын ала макулдашылат.
Региондук берүү пункттарында тариф алыстыгына жараша бир аз айырмаланышы мүмкүн. Тандалган пункттун тарифи колдонмодо пунктту тандаганга чейин көрүнөт. Бажы төлөмдөрү жана жүктү камсыздандыруу (эгер тариздесеңиз) өзүнчө төлөнөт.
Берүү пункттары кайда жайгашкан?
Берүү пункттары Бишкекте, Ошто, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштейт. Даректери жана телефондору менен пункттардын тизмеси колдонмодо бар — пункт катталууда тандалат.
Посылкам кайда экенин кантип билем?
Сенин Карго колдонмосунда ар бир трек-номер боюнча посылканын учурдагы статусу көрүнөт. Посылка берүү пунктуна келгенде билдирүү келет.
Посылканы кантип алам?
Посылка берүү пунктуна келгенде билдирүү келет. Посылка пункттун кызматкеринин көзүнчө ачылып, текшерилип берилет.
Эгер бузулганын, жетишпегенин же башка товар экенин байкасаңыз — дароо, пункттан чыга электе айтыңыз: пункттан кеткенден кийин көрүнүп турган кемчиликтер боюнча доо-арыздар каралбайт.
Посылка берүү пунктунда канча убакыт сакталат?
Акысыз мөөнөттүн ичинде сактоо кызматтын баасына кирет. Акысыз мөөнөт жана андан ашкан сактоо үчүн төлөм пунктка жараша болот жана колдонмодо көрсөтүлгөн. Мөөнөт посылка пунктка келип, кардарга билдирүү жөнөтүлгөн күндүн эртеси башталат.
Сынгыч жүктүн таңгагын бекемдесе болобу?
Ооба, макулдашуу боюнча: катуу тор же поддон. Складда ичин текшерүү да макулдашуу боюнча жүргүзүлөт, акы төлөнүүчү болушу мүмкүн.
Эмнелерди заказ кылууга болбойт?
Куралдарды жана ок-дарыларды, баңгизаттарды, дары-дармектерди жана БАДдарды, коркунучтуу жана химиялык заттарды, рацияларды, дрондорду жана кош максаттагы товарларды, тамекини жана электрондук тамекилерди, тирүү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана тез бузулуучу азыктарды, контрафактты, жасалма документтерди жана акчаны ташууга болбойт.
Тыюу салынган жүк төлөнгөн акча кайтарылбастан алынат. Товарга шектенсеңиз, заказ бере электе менеджерден сураңыз.
Заказды кантип төлөйм?
Колдонмодогу каталогдон берилген заказ колдонмонун өзүндө, сом менен, өз банкыңыздын мобилдик колдонмосу аркылуу төлөнөт.
Сенин Карго колдонмосун кайдан жүктөп алам?
Сенин Карго колдонмосу iPhone үчүн App Store’до жана Android үчүн Google Play’де бар.
Бизнес жана дүң сатып алуучулар менен иштейсиздерби?
Ооба. Дүкөндөр жана дүң сатып алуучулар үчүн өнөктөштүк программа бар: көлөмүңүзгө жараша жеке тариф, ар бир партияны өзүнчө кабыл алуу, жүктөрдү биринчи кезекте иштетүү жана жеке менеджер.
Сенин Карго менен кантип байланышам?
Телефон жана WhatsApp: +996 700 499 100. Кеңсе: 723505, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Анар микрорайону, 9А үй.